Кызыл-Кыядагы элдик жолугушууда 50дөн ашык маселе көтөрүлдү

Кызыл-Кыядагы элдик жолугушууда 50дөн ашык маселе көтөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 11-майда Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга 300гө жакын тургун катышып, 50дөн ашуун суроо-талап жана кайрылуулар айтылды.

Жарандар негизинен турак жай үчүн жер тилкеси, таза суу, мунапыс маселеси, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык абалы, каттоого туруу, жаңы жумуш орундарын түзүү, шаар инфраструктурасын өнүктүрүү жана жеке укуктук маселелер боюнча суроолорун беришти.

Көтөрүлгөн айрым маселелер жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди. Ал эми кошумча убакыт талап кылган кайрылуулар көзөмөлгө алынды.

Жыйынга облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, жарандардын суроолоруна жооп беришти.

Маалыматка ылайык, мындай жолугушуулар графиктин негизинде Баткен облусунун бардык район-шаарларында улантылат.

Жолугушуу УТРК Баткен телеканалы аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн