Марат Тагаев ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды
Марат Тагаев ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ – түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.
Тагаев буга чейин маданият министринин орун басарлыгын аркалап келген.