Өзгөндөгү мал базарда мониторинг: миңден ашык мал текшерүүдөн өттү

Өзгөндөгү мал базарда мониторинг: миңден ашык мал текшерүүдөн өттү

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан "Прогресс" мал базарында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган мал базарына күн сайын орто эсеп менен 520га жакын бодо мал, 320 жылкы жана 900гө чукул кой-эчки алып келинет.

Мониторингдин жүрүшүндө базарга жеткирилген мал жандыктарынын болжол менен 70%ы кулак биркалары менен камсыздалганы аныкталды.

Ошондой эле, мал жандыктарын коштоочу ветеринардык документтер текшерилип, төмөнкү көрсөткүчтөр белгилүү болду:

  • Форма №1 (Ф1) коштоочу документи менен келген малдар — 40%;
  • Электрондук форматтагы ветеринардык коштоочу документтер менен келгендер — 10%.

Адистердин айтымында, "Прогресс" мал базарына мал жандыктары негизинен Ош облусунун Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунан, ошондой эле Жалал-Абад жана Талас облустарынан жеткирилет.

Мониторингдин негизги максаты — мал жандыктарынын ветеринардык коопсуздугун камсыз кылуу, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана ветеринардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө болуп саналат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты