Кыргызстандын сүт азыктарынын экспорттук көлөмү көбөйдү

Кыргызстандын сүт азыктарынын экспорттук көлөмү көбөйдү

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан сүт азыктарынын экспорту 11 799 тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба мнистрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 688,2 тоннага көп. Өсүш болжол менен 16,7% болду. Экспорттун өсүшүнө айрым сүт азыктарына болгон суроо-талаптын көбөйүшү негизги таасир этти. 

Тактап айтканда:
кычкыл сүт азыктарынын (курут, кымыз жана башкалар) экспорту 3,6 тоннадан 116,5 тоннага чейин өстү;
сүттүн сары суусунун экспорту 164 тоннага жетти;
майсыз кургатылган эчки сүтү - 17,6 тонна;
сүт коктейли - 2,2 тонна;
каймак - 1,6 тонна болду.
Ошол эле учурда айрым продукциялар боюнча экспорт көлөмү азайган. Тактап айтканда:
сары майдын, кургак сүттүн сырдын, балмуздактын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу азайды.

Жалпысынан сүт тармагында экспорттун оң динамикасы сакталууда. Экспорттук ассортименттин кеңейиши жана жаңы продукция түрлөрүнүн тышкы рынокторго чыгышы тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media