Ошто миңден ашык окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда

Ошто миңден ашык окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда

Ош шаарынын Сары-Зоо тилкесинде жаңы заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Каржылоо мамлекеттик казынадан каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзүп, имарат 5 блоктон турат. Курулуш иштеринде бардык техникалык талаптар жана курулуш нормалары так сакталууда. Ошондой эле аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы тиешелүү көзөмөлдөн өткөрүлөт.

Учурда курулуш аянтчасында эки нөөмөт менен 70 куруучу эмгектенүүдө. Үч кабаттуу мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1000ден ашык окуучу заманбап шартта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жаңы билим берүү мекемеси аймактагы мектеп тартыштыгын жоюп, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

 

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады