Алайда 20 миң тонна балык өстүрүлүүдө

Алайда 20 миң тонна балык өстүрүлүүдө

12-майда Алай районунун Согунду айылы аймагындагы “Алай Тейит” балык чарбасында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мониторингдин жүрүшүндө балык чарбасына форель балыгынын икралары Дания, Испания жана Турция мамлекеттеринен алынып келери аныкталды. Жылына 500 миң даана икра өндүрүлөт. Ал эми балыктын жеми Европа өлкөлөрүнөн жана Иран Ислам Республикасынан ташылып келет.

Учурда чарбада орточо салмагы 1 килограммдан 3 килограммга чейинки болжол менен 20 миң тонна форель балыгы өстүрүлүүдө. Өндүрүлгөн продукция ички рынокто, анын ичинде район аймагында жана коңшу райондордо сатылууда. Азырынча экспортко чыгарыла элек.

Ошондой эле ветеринардык кызматтын ички реестрине киргизүү боюнча тиешелүү документтер такталып, жеке ишкердин күбөлүгү, жерге болгон мамлекеттик актысы жана башка документтери каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media