Таласта 78% жазгы-талаа иштери бүткөрүлдү

Таласта 78% жазгы-талаа иштери бүткөрүлдү

14-майда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинде азык-түлүк коопсуздугунун абалы жана айдап-себүү иштери боюнча жыйналыш өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул ирет Талас облусундагы азык-түлүк менен камсыздоонун жана жазгы-талаа иштеринин жүрүшү талкууланды. Облус боюнча жазгы-талаа иштерине даярдык бекитилген планга ылайык уюштурулууда. Учурда негизги агротехникалык иштер активдүү жүрүп жатканы белгиленди. 

Облустун жалпы айдоо аянты 109,2 миң гектарды түзөт. 14-майга карата себүү иштери 78,1%ы (65,3 миң га) аткарылды.
Дан эгиндери, тоют өсүмдүктөрү, картошка-жашылча, техникалык өсүмдүктөр жана чанактуу өсүмдүктөр боюнча иш-чаралар планга ылайык жүрүүдө. Күйүүчү-майлоочу материалдар жана жер семирткичтер менен камсыздоо улантылууда. Дыйкандар дизель отунун жеңилдетилген баада алууда. Минералдык жер семирткичтерди жеткирүү да этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда аймакта бир катар көйгөйлөр белгиленди: сугат суусунун жетишсиздиги, жер семирткичтердин кымбаттыгы, финансы тартыштыгы жана зыянкечтер менен ар түрдүү илдеттердин жайылуу коркунучу. Бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы-талаа иштери кызуу улантылууда. Жалпы 609,1 миң гектар жер айдалып, белгиленген пландын 48,7 пайызы аткарылды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media