Бишкектин Лущихин көчөсүндө жол кыймылы убактылуу жабылат

Бишкектин Лущихин көчөсүндө жол кыймылы убактылуу жабылат

2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Лущихин көчөсүнүн Л.Толстой көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейинки 600 метр аралыктагы бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү каралган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, долбоордун алкагында жолдун эски катмары жаңыланып, тиешелүү инфраструктуралык элементтерди оңдоо жана иретке келтирүү иштери аткарылат. Аталган объект боюнча подряддык уюм болуп “СУ-4 Кара-Балта” ЖЧКсы аныкталган.

Учурда капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу көчөнүн аталган бөлүгүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул чара курулуш иштерин сапаттуу жана коопсуз жүргүзүү максатында кабыл алынууда.

Муниципалитет шаар тургундарын жана айдоочуларды алдын ала каттамдарын пландап алууга чакырат жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media