Финкөзөмөл жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды

Финкөзөмөл жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жарандарды интернет жана мессенджерлер аркылуу жасалган алдамчылык аракеттерге байланыштуу этият болууга чакырууда.

Аталган кызматтын маалыматына караганда, белгисиз адамдар мессенджерлерде жасалма аккаунттарды ачып, заманбап үн жаратуу технологияларын колдонуу менен Финкөзөмөл кызматынын төрагасынын жана анын орун басарларынын атынан чалууларды жасап жана билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.

Мекеме мындай аракеттер жарандардын ишенимине кирүү, жеке маалыматтарды алуу же ар кандай алдамчылык схемаларды ишке ашыруу максатын көздөшү мүмкүн экени белгилейт. Ушуга ылыйык, төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталуула:

·       белгисиз номерлерден келген чалууларга жана билдирүүлөргө ишенбөө;

·       жеке маалымат, банктык реквизит, сыр сөздөрдү эч кимге бербөө;

·       күмөндүү шилтемелерге өтпөө;

·       маалыматтарды расмий булактар аркылуу гана тактоо.

Ошондой эле мекеме мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жарандардан мессенджер аркылуу купуя маалыматтарды же акча каражаттарын талап кылбай турганын эскертти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды