Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисиндеги көпүрө оңдолот

Бишкектеги Ч.Айтматов проспектисиндеги көпүрө оңдолот

Бишкектеги Ч.Айтматов проспектиси менен Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги эстакадалык көпүрөдө оңдоо иштери 2026-жылдын 16-майында башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу Ч.Айтматов проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейинки, ошондой эле Л.Толстой көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки кесилиш убактылуу жабылат.

Мындан тышкары, Ч.Айтматов проспектисиндеги курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерде асфальт төшөө иштерине байланыштуу эстакадалык көпүрөнүн эки тарабына убактылуу тосмолор орнотулат.

Жол кыймылына чектөөлөр 2026-жылдын 15-июлуна чейин күчүндө болот.

Ишке эскирген конструкцияларды демонтаждоо, анын ичинде каптамаларды алып салуу, тротуарларды оңдоо, аянтты тазалоо жана курулуш таштандыларын чыгаруу кирет. Фасаддарды жаңылоодо заманбап жана декоративдик материалдар колдонулат. Ошондой эле, тротуарды калыбына келтирүү пландаштырылууда.

Жумуштардын өзүнчө топтомуна коммуналдык инфраструктураны жаңыртуу, анын ичинде жаңы кабелдик линияларды тартуу, жарыктандыруу жабдууларын алмаштыруу жана энергияны үнөмдөөчү LED лампаларын орнотуу кирет. Акыркы этапта темир тосмолор орнотулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media