Кытайлык инвесторлор Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу завод курууга кызыкдар

Кытайлык инвесторлор Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу завод курууга кызыкдар

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытай мамлекеттик курулуш инженердик корпорациясынын вице-президенти жана China Construction Fifth Engineering Division Corp компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Тянь Вэйго баштаган кытайлык инвесторлор менен жолугушту.

Мэриянын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен China Construction Fifth Engineering Division Corp. компаниясынын ортосунда достук мамилелерди орнотуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Тараптар өнөктөштүктү түзүү жана Бишкектин муниципалдык суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле эки саркынды сууларды тазалоочу заводду куруу үчүн кызматташуу ниетин билдиришти.

Мэр административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы аймактарда коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо зарылдыгы баса белгиленди.

Кытай тараптын өкүлдөрү компания инвестиция, курулуш, реконструкциялоо жана инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо жаатында ири долбоорлорду ишке ашырып жатканын билдиришти. Инвесторлор ошондой эле компаниянын долбоорлору Ташкентте ишке ашырылып жатканын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media