1-июндан тарта жол эрежесин бузгандар автоматтык түрдө аныкталат

1-июндан тарта жол эрежесин бузгандар автоматтык түрдө аныкталат

2026-жылдын 1-июнунан тартып республика боюнча жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктоочу жаңы автоматташтырылган комплекстер ишке кирет. Бул тууралуу  ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу программалык-аппараттык комплекс тааныштырылды.

Аталган комплекс Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, пайдаланууга ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын алдындагы Техникалык багыттагы борбору мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилди.

Бул комплекс Кыргызстандын аймагында ийгиликтүү сыноодон өткөрүлүп, төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктайт:

белгиленген ылдамдыкты ашыруу;

коопсуздук курун тагынбоо;

унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон колдонуу;

каршы тилкеге чыгуу.

2026-жылдын 1-июнунан тартып аталган программалык-аппараттык комплекстер республика боюнча толук кандуу иш режиминде иштей баштайт.

Заманбап технологияларды колдонуу айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга, жол кырсыктарын азайтууга жана жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media