1-класска 68 миңден ашык бала катталды

1-класска 68 миңден ашык бала катталды

Бүгүнкү күнгө карата мектепке 1-класстарга 192 миң 250 квота берилип, алардын ичинен 68 миң 643 бала катталып, 123 миң 607 орун бар. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Гүлиза Көчөрбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, каттоо өлкөнүн бардык аймактарында электрондук форматта жүрүүдө.

“Жети жылдан бери Кыргызстанда мектепке 1-класска каттоо тартиби электрондук  форматта өтүп жатат. Биринчи жылы пилоттук режимде өтсө, кийинки жылдардан тартып электрондук түрдө кадимки тартипте өтүп келет. Мектепке кабыл алуудагы өзгөчөлүктөрү былтыр 12 жылдык билим берүүнүн алкагында мектепке 1-2-класстарга балдар кабыл алынса, быйыл 1-класска гана кабыл алынууда. Биринчи этап 1-апрелден башталса, экинчи этап 1-июндан башталат. Биринчи этапта ата-энелер туруктуу жашаган жери боюнча балдарын каттай алат. Системада ата-энелерге жашаган жерине жараша бир мектеп көрсөтүлөт”, - деди Көчөрбаева.

Мындан тышкары окуңуз

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media
Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Ишкер Media
ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media
Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторундагы реформалар, активдерди натыйжалуу пайдалануу жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Тараптар Швейцариянын SECO уюму каржылаган жана Дүйнөлүк банк ишке ашырган "Мамлекеттик

Ишкер Media