Эгемендик майрамына карата 74 объект пайдаланууга берилет

Эгемендик майрамына карата 74 объект пайдаланууга берилет

Быйыл эгемендик майрамына карата республика боюнча 74 объект пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана коммуналдык Турак жай, жарандык курулуш департаментинин диреектору Жыргалбек Медетканов“Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Ж.Медеткановдун белгилешинче, алардын ичинде 31 мектеп, 9 бала бакча, 7 спорт комплекс, 2 саламаттык сактоо объектиси жана 5 административдик имараттар болуп 57 курулуш бар.

“Ошондой эле 12 мектеп, 1 бала бакча, 2 саламаттык сактоо, 1 таза суу объектилери жана 1 административдик имарат болгон 17 ондоп-түзөө объектилеринин курулушун бүткөрөбүз. Андан тышкары, жылдын аягына чейин 200дөн ашык объектини тапшыралы деп турабыз. Курулуштар толугу менен пайдубалынан чатырына чейин ар бир мыгы кагылганга чейин көзөмөлдө турат”,- деди Медетканов.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында өтмөк жолдор жана көпүрөлөр сырдалып жатат

Манас шаарында өтмөк жолдор жана көпүрөлөр сырдалып жатат

Манас шаарындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк жолдор жана көпүрөлөр тазаланып, сырдалууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, тазалыкты камсыз кылуу жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аткарылууда. Аталган иштерди Манас шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Жергиликтүү бийлик

Чоң-Кемин суусу көтөрүлүп, Кемин – Шабдан  жолун суу каптады

Чоң-Кемин суусу көтөрүлүп, Кемин – Шабдан  жолун суу каптады

Чоң-Кемин суусунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок унаа жолунун 3-чакырымындагы жол жээги жуулуп кеткен.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда министрликке караштуу №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан суунун нугун буруу жана селден жабыркаган тилкени калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.  Аталган иштерге 2 жүктөгүч жана 1

Бишкек – Нарын –Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланууда

Бишкек – Нарын –Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланууда

Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 214 – 270-чакырым аралыгында жана Көк-Мойнок – Кубакы унаа жолунун 26-чакырымына чейинки тилкеде жолго түшкөн таштарды тазалоо жана катуу жаандан кийинки кесепеттерди жоюу иштери жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолдорду тазалоо иштери №955 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда. Учурда аталган унаа

Кыргызстан менен Германия калкты иш менен камсыздоону талкуулашты

Кыргызстан менен Германия калкты иш менен камсыздоону талкуулашты

2-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Германиянын Мекленбург – Алдыңкы Померания федералдык жеринин Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин статс-катчысы Йохен Шульте менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар эмгек рыногундагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы эл