Кыргызстанда бүгүн - Энелер күнү: өлкөдө 3,7 млн ашык аял жашайт

Кыргызстанда бүгүн - Энелер күнү: өлкөдө 3,7 млн ашык аял жашайт

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү катары 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, расмий түрдө белгиленип келет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 3 млн 740 миң аял кишилер жашайт. Бул өлкөнүн жалпы калкынын 50,5 %ын түзөт. Алардын ичинен: 1 млн 635 миңден ашууну шаарларда, 2 млн 105 миңге жакыны айыл жерлеринде жашайт.

2025-жылы өлкөдө 140,5 миңден ашуун аял эне аталды. Статистика боюнча, кыргызстандык аялдар биринчи баласын орто эсеп менен 23–24 жашында төрөшөт жана өмүрүндө орточо үч балалуу болушат.

Адистер белгилегендей, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында калктын табигый өсүшү сакталып калган мамлекеттердин бири бойдон калууда. Башкача айтканда, өлкөдө төрөлүү көрсөткүчү калктын көбөйүшүн камсыз кылууда.

2025-жылы эгиз төрөлгөн учурлар көбөйгөн. Өткөн жылы республикада 1311 эгиз төрөлсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 1253 болгон. Ал эми үч эм төрөлгөн учурлар азайып, 13тү түзгөн. Бир жыл мурда 21 үч эм төрөлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, төрөттөрдүн 33 %га жакыны эки жылдан аз аралык менен катталган. Ал эми үч жыл жана андан көп аралыктагы төрөттөрдүн үлүшү 44 %ды түзөт. Дарыгерлердин айтымында, төрөттөрдүн ортосундагы кыска аралык аялдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, аз кандуулук жана кош бойлуулуктагы оорчулуктарды жаратышы мүмкүн.

Адистер белгилегендей, Кыргызстанда 2000-жылдардан тарта төрөт көрсөткүчү өсүп, эң жогорку чекке 2019-жылы жеткен. 2020-жылдан бери төрөлгөндөрдүн саны бир аз азайганы менен, өлкөдө калктын өсүшү үчүн жетиштүү деңгээл сакталып калууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея–Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекте Экологиялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында борбор калаага 100 миң түп көчөт отургузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июлда шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коомдук угууларга Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Иш-

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 миллион сомдон ашык каражат түшүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көбөйдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бюджетке түшкөн каражат былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 91 миллион сомго көп болгон. Алты ай ичинде транспорттук

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда чыккан өрттөн кийин курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя күн мурун саат 10:30 чамасында Фучик көчөсү, 38 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында болгон. Алдын