Амантур Турсуниязов: Жетим-Тоо кенин иштетүү үчүн инвестор изделүүдө

Амантур Турсуниязов: Жетим-Тоо кенин иштетүү үчүн инвестор изделүүдө

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков учурда Нарын районундагы Жетим-Тоо кенинде кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады. 

К.Самаков геологиялык чалгындоо иштерине лицензия 2023-жылы эле берилгенин эске салды. 

Депутат Кумтөрдөн кийинки эң чоң кен байлыгы Жетим-Тоодо экенин жана бул жерди иштетүү боюнча кандай пландар бар экенин сурады. 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязовдун маалыматына караганда, учурда инвестор изделип жатат. 

"Учурда потенциалдуу инвесторлорду карап жатабыз. Долбоорлоо иштери дагы жүрүп жатат. Учурда жеринде геологиялык чалгындоо иштери баштала элек", – деп түшүндүрдү ал. 

Кыргыз геологиялык кызматынын директорунун орун басары Руслан Калиловдун айтымында, долбоорлоо иштерин мамлекет өзү жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media