Бишкектин бардык абоненттери ысык суу системасына кошулду

Бишкектин бардык абоненттери ысык суу системасына кошулду

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын бардык керектөөчүлөрү ысык суу менен камсыздоо системасына толук туташтырылды. Ысык суу штаттык режимде берилип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эгерде айрым үйлөрдө же батирлерде ысык суу жок болсо, анын себеби, үйдүн ичиндеги ысык жана муздак суу системаларынын ортосундагы агымдын бузулушу болушу мүмкүн.

Шаар тургундарынан суу жылыткычтарын туура өчүрүлгөнүн жана сантехникалык жабдууларынын жарактуулугун текшерип коюуну өтүнөбүз, анткени туура эмес өчүрүлгөн бир эле суу ысыткыч бүтүндөй үйдөгү ысык суунун айлануусуна таасир этиши мүмкүн.

Көйгөйлөр пайда болсо, кызмат көрсөтүүчүңүзгө, турак жай ээлеринин шериктештигине же "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасына кайрылууну сунуштайбыз:

- Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды