Ишкерлерден опузалап акча талап кылган жактоочу кармалды

Ишкерлерден опузалап акча талап кылган жактоочу кармалды

Токмок шаарынын ишкерлеринен системалуу түрдө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын опузалап талап кылуу боюнча мыйзамсыз схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, 37 жаштагы жеке жактоочу Ц.Д.В. белгисиз адамдардын жардамы менен Токмок шаарында ар кандай имараттарды жана объектилерди куруп жаткан ишкерлерге кысым көрсөтүп келген. Тактап айтканда, ишкерлерге Ички иштер министрлиги, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштурулары тууралуу коркутуулар айтылып, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылары эскертилген.

15-май күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылынган 15 миң долларын алып жаткан жеринен Ц.Д.В. кармалды.

Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Ц.Д.В. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына толук өтүү боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулады. Мэрдин айтымында, жаңы төлөм системасы коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. "Ушул жылдын

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

2026-жылдан тарта Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Жал, Сарбан, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы, Селекция жана Биримдик турак жай массивдерин газ тармактарына кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, даярдалган документтер буйрутмачы болгон “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына өткөрүлүп берилди. Иштелип

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн мыйзамсыз казган курулуш компаниясынын иши токтотулту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Ак Кайың" курулуш компаниясына уруксатсыз жер казуу иштери боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынды. Ошондой

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери өлкө боюнча жол инфраструктурасынын объекттеринин сапатын туруктуу негизде көзөмөлдөп келет. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы унаа жолдорунун курулушу текшерилди. Көзөмөл иштери Жеңиш, Кызыл-Суу, Сүттүү-Булак, Боз-