Курман айт 27-майда белгиленет
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт майрамы 27-май күнү белгиленерин маалымдады.
Курман айт - мусулмандар үчүн эң ыйык майрамдардын бири. Бул күнү курмандык чалуу салты аткарылат.
Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календары боюнча майрамдын датасы жыл сайын өзгөрүп, болжол менен 10 күнгө жылып турат.