Мыйзамсыз уюлдук телефон алып келе жаткандар кармалды

Мыйзамсыз уюлдук телефон алып келе жаткандар кармалды

УКМК жана Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Акжол” көзөмөл” өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына кымбат баалуу уюлдук телефондорду мыйзамсыз  алып кирүү каналын токтотту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүндө («Экономикалык контрабанда») жана 242-беренесинин 1-бөлүгүндө («Салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды жана жагдайларды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Тамчы айылындагы курулуш объекттерине айып пул салынды

Тамчы айылындагы курулуш объекттерине айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы бир катар курулуш объекттерине пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көлдүн суу фондусунун жерлерине мыйзамсыз түрдө топурак жана кум төгүлгөндүгү, ошондой эле

Бишкектин бардык абоненттери ысык суу системасына кошулду

Бишкектин бардык абоненттери ысык суу системасына кошулду

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын бардык керектөөчүлөрү ысык суу менен камсыздоо системасына толук туташтырылды. Ысык суу штаттык режимде берилип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эгерде айрым үйлөрдө же батирлерде ысык суу жок болсо, анын себеби, үйдүн ичиндеги ысык жана муздак суу системаларынын ортосундагы агымдын

Садыр Жапаров Маврикийдин президенти менен жолукту

Садыр Жапаров Маврикийдин президенти менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 18-майда, Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Маврикий Республикасынын Президенти Дхарамбир Гокхул менен жолугушуу өткөрдү.Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка таянсак, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча, анын ичинде санариптештирүү жана каржы

Эл аралык музейлер күнү: Кыргызстанда 67 музей, 212 миңге жакын көргөзмө экспонаттар бар

Эл аралык музейлер күнү: Кыргызстанда 67 музей, 212 миңге жакын көргөзмө экспонаттар бар

Жыл сайын 18-майда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык музейлер күнү белгиленет. Бул күнү музейлер баардык конокторго өз эшигин акысыз ачып, көргөзмө залдарын, жаңы экспонаттарын көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын музейлер тармагы тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый-аймактык коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлер менен белгилүү. Улуттук статистика комиетинин маалыматына ылайык, 2025-жылга карата республиканын аймагында 67