“Росатом” Кыргызстандагы ишкерлер үчүн Жооптуу бизнес акселераторун ишке киргизүүдө

“Росатом” Кыргызстандагы ишкерлер үчүн Жооптуу бизнес акселераторун ишке киргизүүдө

“Росатом” мамлекеттик корпорациясы Жооптуу бизнес акселератору-2026 үчүн өтүнмөлөрдү кабыл ала баштады.

Долбоор шаарларды жакшы жагына өзгөрткөн экологиялык жана социалдык багыттагы бизнес-идеяларды колдоого багытталган. Программа корпорация иш алып барган 29 шаарды, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды да камтыйт.

Акселераторго катышуу эки чоң багытка бөлүнгөн:

·      “Жаңы бизнес” треги идеялардын авторлору, жеке ишкерлер жана өз алдынча иштеген, экология же туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө ишин расмий каттоону пландап жаткандар үчүн түзүлгөн. Программага катышуу мындай бизнеске ишке ашырууга боло турган идеяларды табууга, пикирлеш адамдардан турган команданы чогултууга жана ишти ийгиликтүү баштоого мүмкүндүк берет. 

·      “Бизнес өсүш” треги жаңы, социалдык жактан жоопкерчиликтүү багытты киргизүүгө даяр болгон жеке ишкер, ЖЧК же коммерциялык эмес уюм сыяктуу юридикалык формасында иштеп жаткан бизнес үчүн командаларга багыт алган. Бул тректин катышуучулары өсүш чекиттерин таап, ички тоскоолдуктарды түшүнө алышат, кеңейтүү үчүн аймакты тандай алышат же учурда иштеп жаткан бизнес процесстерин экологиялуу кылууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бардык катышуучулар үчүн негизги талап – назарды социалдык жоопкерчиликке бурган, жакшы ойлонулган жана ишке ашырыла турган бизнес-идеяга ээ болуу. Долбоорлор Кыргызстандын аймагында ишке ашырылууга тийиш.

Программа конкреттүү бир бизнестин өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган билим берүү курсун, ошондой эле профилдик компаниялардын иштеп жаткан ээлеринин ичинен насаатчылардын жеке консультацияларын сунуштайт. Программанын жыйынтыгы боюнча мыкты долбоорлор финансылык колдоо алышат, анын суммасы жана шарттары ар бир бизнес үчүн жекече аныкталат.

Уюштуруучулар демилгелердин кеңири өңүтүн караштырууда. Бул кайра иштетилген материалдардан өндүрүш, экологиялык өнүмдөрдү чыгаруу жана жергиликтүү дыйканчылыкты өнүктүрүү, конок үйлөрүн, ижарага берүү пункттарын, ремонт жасачу устаканаларды, коворкингдерди жана экологиялык сервистерди ачуу болушу мүмкүн. Билим берүү демилгелери, медицина чөйрөсүндөгү долбоорлор жана айыл чарбасынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайткан чечимдер кабыл алынат.

Өтүнмөлөр 2026-жылдын 31-майына чейин кабыл алынат.

Программа жана анын шарттары тууралуу толук маалыматты расмий сайттан тапса болот: rbax-rosatom.ru   

Уюштуруучулар менен электрондук почта аркылуу байланышууга болот: rbax@ih-rosatom.ru   

Маалымат үчүн
Жооптуу бизнес акселератору “Росатомдун” Экологиялык акселераторунун" уландысы болуп калды, анын биринчи сезону 2024-жылы болгон. Программаны “Энергия развития” АНО жана “Росатомдун” Инновацияларды өнүктүрүүнүн тармактык борбору биргелешип ишке ашырууда.

2024-2025-жылдардагы эки циклдин ичинде программага катышуу үчүн Орусиянын 19 регионунан 300дөн ашык өтүнмө түшкөн, алардын ичинен 36 долбоор акселераторго кирген. Бардык командалар программанын финалында өз демилгелерин ийгиликтүү коргоп, бизнести өнүктүрүүгө гранттык колдоо катары 500 миң рублдан алышкан.

Жаңы сезон социалдык жоопкерчиликтүү бизнес-чечимдердин кеңири өңүтүнө басым жасоо менен долбоорлордун географиясын да, тематикасын да кеңейтүүдө.

Уюштуруучулар менен байланышуунун жолдору: Наталья Рулёва, “Иннохаб Росатома”, +7 908 632 14 72,  n.rulyova@ih-rosatom.ru

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media