Тамак-аш азыктарынын сапаты текшерилди

Тамак-аш азыктарынын сапаты текшерилди

Ош шаарында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын инспекторлору шаардык Ветеринардык башкармалык менен биргеликте тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мониторингдин жүрүшүндө сүт жана сүт азыктарынын сапаты текшерилип, тиешелүү лабораториялык жана санитардык талаптарга жооп берүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында талаптарга жооп бербеген 25 литр сүт аныкталып, санитардык-ветеринардык эрежелерге ылайык жок кылынды.

Бул иш-чара калктын саламаттыгын коргоо, сапатсыз жана кооптуу азык-түлүктөрдүн жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү кызматтар азык-түлүк сатуу жайларында жана өндүрүш объектилеринде көзөмөл иштерин мындан ары да улантарын билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media