Тамчы айылындагы курулуш объекттерине айып пул салынды

Тамчы айылындагы курулуш объекттерине айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы бир катар курулуш объекттерине пландан сырткары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көлдүн суу фондусунун жерлерине мыйзамсыз түрдө топурак жана кум төгүлгөндүгү, ошондой эле экологиялык мыйзамдардын талаптары толук сакталбагандыгы аныкталды.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, административдик айыптар салынды. Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жалпы суммасы 5 566 590 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр эсептелди.
Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу, мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткаруу жана уруксат берүүчү документтерди толук тариздөө боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Министрлик тарабынан экологиялык мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө иштери мындан ары да улантылат.

Маалымат үчүн:

– “Авангард Резорт” ЖЧКсына — 1 925 237 сом;

– “КыргызИнвестСтрой” ЖЧКсына — 1 929 562 сом;

– “Елизавета” ЖЧКсына  - 1 711 791 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр эсептелди.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө