Чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштурган коррупциялык схема ачыкталды

Чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштурган коррупциялык схема ачыкталды

УКМК тарабынан чет өлкөлүк жарандар үчүн жасалма медициналык маалымкаттарды колдонуу аркылуу мыйзамсыз миграция каналын уюштуруунун кезектеги фактысы ачыкка чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жасалма медициналык маалымкаттарды колдонгон чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясына каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, УКМК тарабынан дагы бир кезектеги факт ачыкталды.

20-майда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында УКМК кызматкерлери тарабынан чет мамлекеттин Л.Ц. аттуу жараны кармалды. Ал Кыргызстанда айрым жарандары жана Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, жасалма медициналык маалымкаттарды колдонуу аркылуу чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясынын каналын уюштурган.

Тактап айтканда, Л.Ц.нын иштеген жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын аймагында жүрүүгө укук берүүчү визаларды тариздөө жана узартуу үчүн колдонулган 90дон ашык даяр медициналык маалымкаттар табылып, алынды.

УКМК Кыргызстандын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды терс кесепеттерге жол бербөө максатында Кыргызстандын мыйзамдарын талаптарын так сактоого чакырат.

Эске салсак, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Аталган берене боюнча 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугун 3 жылга чейин чектөө, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жаза каралат.

Учурда Л.Ц. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Мындан тышкары окуңуз

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media
Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media
Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media