Кыргыз дыйканчылык институтуна жаңы техникалар тапшырылды

Кыргыз дыйканчылык институтуна жаңы техникалар тапшырылды

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан “Туруктуу айыл чарба азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында илимий-изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана институтту заманбап техникалар менен камсыз кылуу максатында атайын айыл чарба техникаларын жана жабдууларды сатып алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи этабында кыймылдаткычынын кубаттуулугу 200 ат күчүнө жеткен эки заманбап трактор сатылып алынды. Жаңы техникалар заманбап жабдуулар менен толук камсыздалганы белгиленди.

Долбоор айыл чарба тармагындагы илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана агрардык сектордун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Антальяда Борбор Азиянын жаратылыш ресурстары министрлери жолугушту

Тоолуу өлкөлөр үчүн органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү программасы сунушталды

Бишкек ЖЭБи туруктуу иш алып барууда

Бишкекте "Борбор Азия – Кытай" конференциясы өтүүдө

Амир Кунакуновдун өлүмү: ӨКМдин үч жетекчиси кызматтан алынды