Бишкекте "Борбор Азия – Кытай" конференциясы өтүүдө
Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Борбор Азия - Кытай" форматындагы курулуш министрлеринин экинчи конференциясы башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, эл аралык иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Кытайдын курулуш тармагына жооптуу министрлери, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышууда.
Конференцияга Кыргызстандын курулуш министри Нурдан Орунтаев, "Борбор Азия - Кытай" форматындагы Катчылыктын башкы катчысы Сунь Вэйдун, Кытайдын турак жай, шаар жана айыл курулушу министри Ни Хун, Казакстандын өнөр жай жана курулуш министри Ерсайын Нагаспаев, Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Низом Юсуфи Мирзозода, Түркмөнстандын курулуш жана архитектура министри Абдулла Гелдиев, Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов катышууда.
Белгилей кетсек, "Борбор Азия - Кытай" форматындагы биринчи конференция 2025-жылы Пекин шаарында өткөн. Анын жыйынтыгында курулуш тармагындагы көп тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын аныктаган Пекин демилгеси кабыл алынган. Жетишилген макулдашуулардын негизинде экинчи конференцияны өткөрүү укугу Кыргызстанга берилген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу