Амир Кунакуновдун өлүмү: ӨКМдин үч жетекчиси кызматтан алынды

Амир Кунакуновдун өлүмү: ӨКМдин үч жетекчиси кызматтан алынды

"Ала-Арча" улуттук паркында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ӨКМдин бир катар жетекчилерине тартиптик жана кадрдык чаралар көрүлдү. Бул тууралуу өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун Министрлер кабинети билдирди.

Маалымдалгандай, 2026-жылдын 7-ноябрында саат 19:02де 112 бирдиктүү шашылыш кызматтардын номерине тоолуу аймакта баратып багытын жоготкон өспүрүмдөн жардам сурап билдирүү түшкөн. 9-ноябрда Электро чокусунун аймагында жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө анын сөөгү табылган.

Текшерүүдө ыкчам чара көрүү, маалыматты өз убагында жеткирүү, куткаруу бөлүмдөрүнүн аракеттерин координациялоо жана ведомстволук көзөмөл боюнча олуттуу кемчиликтер аныкталган. Атап айтканда, окуя тууралуу маалымат ӨКМдин тиешелүү жетекчилерине өз убагында жеткирилбегени, нөөмөт кызматтары менен куткаруу топторунун ортосундагы өз ара аракеттенүү жетишсиз болгону белгиленген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында президент Садыр Жапаровдун чечими менен Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге ишти уюштуруудагы кемчиликтер жана ведомстволук көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн катуу сөгүш жарыяланды.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимдери менен министрдин орун басары Алмазбек Асанов жана ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов да кызматынан алынды.

Мындан тышкары, окуяга укуктук баа берүү максатында Аскер прокуратурасы тарабынан шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн алкагында окуянын бардык жагдайлары, өспүрүмдү куткаруу үчүн көрүлгөн чаралардын өз убагында жана толук болушу, ошондой эле жооптуу кызмат адамдарынын аракеттери же аракетсиздиги иликтенет.

ӨКМге аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды. Анын ичинде ыкчам чара көрүү системасын өркүндөтүү, тоолуу аймактарда туруктуу байланышты камсыз кылуу, куткаруу бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана коркунуч жаралган учурда кошумча күчтөрдү өз убагында тартуу милдеттери коюлду.

Өлкө жетекчилиги Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу анын жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коркунучта калган адамдарга өз убагында жардам көрсөтүү мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.

Аныкталган кемчиликтерди жоюу жана шашылыш чара көрүү системасын жакшыртуу маселелери өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Тоолуу өлкөлөр үчүн органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү программасы сунушталды

Бишкек ЖЭБи туруктуу иш алып барууда

Бишкекте "Борбор Азия – Кытай" конференциясы өтүүдө

Төө-Ашууда жүк ташыган унааларга коюлган чектөө алынды

Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумунда бир катар документтерге кол коюлду