Кыргызстан менен Россия баңгизат кылмыштарына каршы кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Россия баңгизат кылмыштарына каршы кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин министринин орун басары Нурбек Абдиев Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Иван Горбунов менен жолугушуу өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле трансулуттук баңги кылмыштуулугуна каршы аракеттенүү боюнча өз ара кызматташууну чыңдоо багытында пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нурбек Абдиев кыргыз-россиялык кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, эки өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюму жана башка эл аралык аянтчалардагы биргелешкен ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар заманбап баңги коркунучтарына каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн кызматташууну мындан ары дагы бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрү өнөктөштүктү кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана учурдагы коркунучтарга биргелешип каршы турууга даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media