Кыргызстанда жайыттарды жакшыртуу үчүн 186 миң кг үрөн сатылып алынды

Кыргызстанда жайыттарды жакшыртуу үчүн 186 миң кг үрөн сатылып алынды

Кыргызстанда деградацияга учураган жана түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен жайыттарды калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул максатта 2026-жылга республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнүп, жалпы көлөмү 186 440 килограмм болгон жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү сатылып алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинде:

  • кылкансыз түп бош — 28 878 кг;
  • жайыт райграсы — 28 878 кг;
  • шалбаа бетегеси — 42 026 кг;
  • эспарцет — 86 658 кг.

Тендердин жыйынтыгында үрөн жеткирүүчүлөр катары Александр Голенков жана Адилет Анишев аныкталган.

Министрликтин маалыматына караганда, алынган үрөндөр түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен жайыттарды жакшыртууга багытталат. Мындан тышкары, бул иштер мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоого, жайыттардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Учурда үрөндөрдү аймактарга бөлүштүрүү жана себүү иштерин уюштуруу боюнча тиешелүү даярдыктар жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн