Кыргызстанга сапаттуу дары-дармектер алынып келинет

Кыргызстанга сапаттуу дары-дармектер алынып келинет

Францияга болгон иш сапарынын алкагында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дүйнөдөгү ири фармацевтикалык компаниялардын бири болгон “Sanofi”компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууга Sanofi Global Health бөлүмүнүн операциялык ишмердүүлүк боюнча жетекчиси Тибо Лефор мырза катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын калкына эл аралык деңгээлдеги сапаттуу жана далилдүү натыйжалуулугу бар дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Министр заманбап жана коопсуз дары-дармектер менен бейтаптарды камсыз кылуу өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

“Биз үчүн кыргызстандыктар эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу дары-дармектерге жеткиликтүү болушу өтө маанилүү. “Sanofi” сыяктуу глобалдык компаниялар менен кызматташуу бейтаптар жана жалпы саламаттык сактоо системасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деп белгиледи Дамир Осмонов.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына кабарланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарлаганына караганда, Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгил