Сел болгон аймактарда мониторинг жүргүзүлдү

Сел болгон аймактарда мониторинг жүргүзүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин тапшырмасынын негизинде министрдин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов селден жабыркаган аймактарды жеринен көрүп чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов Жалал-Абад облусунда сел жүргөн аймактарды кыдырып, жергиликтүү жерлердеги учурдагы абал менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Манас шаарында, ошондой эле Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда катуу жазгы жаан-чачындардын кесепетинен пайда болгон сел көрүнүштөрүнүн кесепеттери боюнча аймактар текшерилип, мониторинг жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сел коркунучун азайтууга багытталган алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантылып, кооптуу деп эсептелген тилкелер өзгөчө кырдаалдар министринин туруктуу көзөмөлүндө болот.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан кырдаалды тактоо, мониторинг жүргүзүү жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media
Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media
Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media