Таласта мыйзамсыз курулган объектилер аныкталды

Таласта мыйзамсыз курулган объектилер аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрилигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш обьектилериндеги мыйзам талаптарынын сакталышы туруктуу негизде көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштеринин алкагында Талас шаарындагы “Элим” конок үйү жана “Майрам апа” дүкөнү уруксат документтери жок курулуп, иштетилип жаткандыгы маалым болду. 

Тактап айтканда, тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтерисиз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы аныкталган. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет. 

Белгилей кетсек, буга чейин аталган обьектилерге аныкталган мыйзам бузууларды жоюу туралуу эскертүү берилгенине карабастан, талаптар аткарылган эмес. Натыйжада жаран Т.Г.М. жана И.Р.Ш. карата айып пул салынып, административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле документтештирүү иштери боюнча кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жарандарды жана курулуш субьекттерин курулуш иштерин баштоодо баардык уруксат берүүчү документтерди өз убагында алуу жана мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media
Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media
Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media