Жол эрежелердин бузулганы тууралуу маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жиберилет

Жол эрежелердин бузулганы тууралуу маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жиберилет

Үстүбүздөгү жылдын 23-майынан тартып Кыргызстанда жол эрежесин бузууга байланыштуу токтомдор жарандарга “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу электрондук форматта жеткириле баштайт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жаңы тартип “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Анын негизги шарттары:

Жаран тиркемеден токтомду ачып, “Тааныштым” же “Таанышкан жокмун” баскычын басканда, система убактысын автоматтык түрдө каттайт. Бул расмий тааныштык катары эсептелет.

Эгер айдоочу 30 календардык күндүн ичинде электрондук токтом менен таанышпаса, документ мурдагыдай эле почта аркылуу заказдык кат менен үйүнө жөнөтүлөт.

“Түндүк” аркылуу айып пулдарды онлайн төлөөгө болот. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөнгөн учурда жеңилдик автоматтык түрдө колдонулат.

ЖКККББ жарандарды “Түндүк” тиркемесин активдүү колдонууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media
Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Туңгучта курулуш объектисиндеги кемчиликтер көзөмөлгө алынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу курулуш объектиси көзөмөлгө алынып, азыр объектте мурда казылган котлованды жабуу жана аймакты талапка ылайык келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун алдын алуу

Ишкер Media
Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Кара тумоо: Санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат. Санитардык-карантиндик пункттар

Ишкер Media