Министрлик карылар үйүнөн чыгарылган жаран тууралуу түшүндүрмө берди

Министрлик карылар үйүнөн чыгарылган жаран тууралуу түшүндүрмө берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги активист Руслан Шеринбеков тарабынан айтылган Нижне-Серафимовкадагы стационардык мекемеде кары адамдар белгисиз себептер менен чыгарылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан жаран И.С. 1961-жылы төрөлгөн жана 2024–2026-жылдары Нижне-Серафимовкадагы карылар үчүн стационардык мекемеде мамлекеттик камсыздоодо социалдык кызматтарды алып келген.

Расмий маалыматта белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы №273 токтому менен бекитилген социалдык стандарттарга ылайык, ички тартип эрежелерин системалуу түрдө — үч жана андан көп жолу бузган жарандар стационардык мекемеден чыгарылууга тийиш. Ал эми И.С. аттуу жаран мекеменин ички эрежелерин бир нече жолу бузган. Тактап айтканда, карылар үйүндөгү жашоо тартибин сактабаган, медициналык кызматкерлерге асылган жана кол көтөргөн учурлар катталган. Ушуга байланыштуу ал мекемеден өз арызынын негизинде чыгарылган.

Мындан тышкары, министрлик пенсия маселесине да түшүндүрмө берди. Билдирүүгө караганда, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, пенсия алуу укугу жок жарандарга, анын ичинде эркектерге 65 жаштан, аялдарга 60 жаштан тартып 2000 сом өлчөмүндө жөлөк пул дайындалат. Ал эми И.С. аттуу жаран 2026-жылдын июль айында гана 65 жашка толот.

Ушуга байланыштуу министрлик коомчулукту такталган жана ишенимдүү маалыматтарга гана ишенүүнү чакырды.


Эске салсак, И.С атту жаран Президенттин Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкулү менен жолугушууда, Нижне-Серафимовкадагы стационардык мекемеде иштеген адистер кесипкөй эместигин, мамлекет тарабынан бөлүнүүчү жөлөк пулдар пенсионерге берилбей жаткандыгын жана аны мекемеден мыйзамсыз чыгарып салышкандыгын айтып, арызданган.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media