Таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот

Таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот

Кыргызстанда 22-майдан тарта таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 2025-жылдын августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.

Баштапкы план боюнча лицензиялар 2025-жылдын аягына чейин гана берилмек. Бирок жарандардын кайрылууларын эске алуу менен таксиге лицензия берүү мөөнөтү ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

20-майда видеоконференция форматында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынында 20 маселе каралып, бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында спорттук тамактанууну милдеттүү маркалоо боюнча товарлардын тизмеси бекитилип, стерилдүү продукцияны өндүрүүгө коюлган талаптар күчөтүлдү. Ошондой эле ЕАЭБге импорттолгон товарларды көзөмөлдөө механизми жана баалуу

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү

Бишкектеги №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулууда

Бишкектеги №91 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы №91 мектепке кошумча окуу корпусу салынып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери быйыл март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имарат курулат. Жаңы корпуста заманбап окуу класстары,

Казакстанда дагы бир тилге расмий макам берилиши күтүлүүдө

Казакстанда дагы бир тилге расмий макам берилиши күтүлүүдө

Казакстанда жаңдоо тилине расмий статус берүү маселеси каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мажилистин жумушчу тобу колдоду. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкөдө угуу жана сүйлөөсүнөн мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миңден ашуун адам жашайт. Алардын 5 миңге жакыны жаш балдар. Көпчүлүгү үчүн жаңдоо тили негизги байланыш каражаты болуп саналат, бирок