ИИМ: Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O жарышы боюнча чагымчыл билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды

ИИМ: Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O жарышы боюнча чагымчыл билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык F1H2O кайыктар жарышы боюнча түрдүү билдирүүлөр тарай баштады. Айрым колдонуучулар иш-чарага байланыштуу экологиялык маселелерди көтөрүп, сын пикирлерин билдирүүдө.

Бул тууралуу КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берип, коомчулукту такталбаган жана чагымчыл билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды.

Маалыматка ылайык, суудагы “Формула-1” катары таанылган UIM F1H2O World Championship мелдеши быйыл алгачкы жолу Кыргызстанда, тагыраагы Ысык-Көлдө өтөт. Буга чейин мындай ири деңгээлдеги жарыштар Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө уюштурулуп келген.

ИИМдин маалыматына караганда, мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө кызыкдар өлкөлөр көп болгонуна карабастан, уюштуруучулар Кыргызстанды тандаган. Бул өлкөнүн коопсуздугу, инфраструктурасы жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгы менен байланыштуу экени белгиленди.

Ошондой эле социалдык тармактарда айтылып жаткан “жарыш Ысык-Көлдүн экологиясына зыян келтирет” деген пикирлер негизсиз экени айтылды. Маалыматта жарышка катыша турган бир моторлуу кайыктар заманбап технологиялар менен жабдылып, майдын сууга агып кетишине жол берилбей турганы белгиленет.

ИИМ коомчулукту такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырып, мындай ири спорттук иш-чаралар өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүүгө өбөлгө болоорун билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media