Улуттук статистика: Кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда

Улуттук статистика: Кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда

Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында өлкөдө 8 миң адамдын өлүмү катталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болууда. Бул бардык өлүм учурларынын 54 %ын түзгөн. Экинчи орунда шишик оорулары, андан кийин жол кырсыгы, уулануу, суицид жана адам өлтүрүү сыяктуу тышкы себептер турат.

Расмий маалыматта январь-март айларында өлкөдө 68 суицид жана 11 адам өлтүрүү фактысы катталганы дагы айтылды.

Дарыгерлер жүрөк оорулары жашарып жатканын эскертип, өзгөчө 30-60 жаштагы жарандар арасында эрте өлүм көбөйүп жатканын белгилешүүдө.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты