Бишкектеги №14 мектептин окуу корпустарына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Бишкек шаарынын №14 орто мектеп имараттарына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, текшерүү №14 орто мектептин 1953-жылдары салынган 1-корпусу жана 1963-жылдары салынган 2-корпусунун бүгүнкү күндөгү абалын жана сейсмикалык туруштуулугун аныктоо максатында уюштурулду.
Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, тиешелүү чиймелерди чийип, имараттын конструкцияларына инженердик талдоо жүргүздү.
Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, имараттарды андан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.