Миң-Кушта уран калдыктарын рекультивациялоо иштери аяктады

Миң-Кушта уран калдыктарын рекультивациялоо иштери аяктады

Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасында уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча ири экологиялык долбоор ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бул маанилүү окуяга байланыштуу Миң-Кушта мемориалдык стела ачылып, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Россиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын директору Николай Спасский жумуштардын жыйынтыкталганы жөнүндө расмий протоколго кол коюшту.

Долбоордун алкагында “Как”, “Туюк-Суу” жана “Талды-Булак” калдык сактоочу жайлары рекультивацияланып, кооптуу калдыктар атайын даярдалган, коопсуз убактылуу сактоочу “Дальнее” объектисине толугу менен көчүрүлдү.

“Муну менен долбоор Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылды. Бул ири программа КМШнын алкагында 2013-жылдан бери ӨКМ жана “Росатом” тарабынан ишке ашырылып келди. Натыйжада жергиликтүү тургундардын жашоо шарты жакшырып, экологиялык коркунучтар жоюлду. Эки тараптуу кызматташтык муну менен эле токтоп калбайт. Жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Россия тарап 2026-2028-жылдарга карата өлкөнүн аймактарын реабилитациялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттердин жаңы планын бекитишти”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media