“Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу 1-июлдан башталат

“Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу 1-июлдан башталат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде "Бала ырысы" универсалдуу жөлөкпулун ишке киргизүүгө арналган маалымат жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, "Бала ырысы" программасы 2026-жылдын 1-июлунан тарта ишке кирет. Бул тууралуу Президенттин тиешелүү Жарлыгы 2026-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Министр Канат Сагынбаев жаңы демилге балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган эң ири социалдык программалардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, жөлөкпул үч жашка чейинки балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө берилет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө 440 миңден 470 миңге чейин бала бул колдоого ээ болот. Программаны ишке ашырууга мамлекет жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлүүнү пландаса, 2026-жылы 1-июлдан тартып ишке киргенине байланыштуу 3,1 миллиард сом каралат.

Жөлөкпул дайындоо процесси толугу менен санариптештирилет. Керектүү маалыматтар "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу алынат. Ошондой эле ата-энелер "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат.

Маалымат жыйынында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа бул программаны өлкөнүн социалдык коргоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам катары баалап, балдардын жашоосунун алгачкы жылдарында көрсөтүлгөн колдоо алардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Адистердин айтымында, баланын жашоосундагы алгачкы миң күн анын физикалык, интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ. "Бала ырысы" программасы дал ушул мезгилде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.

Министрликтен белгилешкендей, программа Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын максаттарына шайкеш келип, балдардын бакубат жашоосун камсыздоого жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга