Кыргызстанда 28 бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

Кыргызстанда 28 бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

5-ноябрдан 9-ноябрга чейин Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунун Оториноларингология бөлүмүндө Катар мамлекетинен келген дарыгерлер тобу тарабынан угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча кайрымдуулук операциялары жүргүзүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, 5-ноябрда адистер операцияга талапкер болгон 35 баланы медициналык кароодон өткөрүштү.

Балдардын ден соолугунун абалы жана тиешелүү диагностикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эске алынып, алардын ичинен 28 балага операция жасоого уруксат берилди.

Калган балдардан КРВИ, отит жана алдын ала дарылоону талап кылган башка убактылуу медициналык каршы көрсөтмөлөр аныкталды.

Жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгында 28 балага кохлеардык имплант ийгиликтүү орнотулду. Мындан тышкары, эки балага ата-энелеринин өз каражаттарынын эсебинен дагы бирден кошумча имплант орнотулду. Ошентип, кайрымдуулук миссиясынын алкагында жалпы 30 кохлеардык имплантация жасалды.

Операциядан кийин балдар медициналык көзөмөлдө болушту.

Кохлеардык имплантация - угуусу катуу бузулган балдарга үндөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген жогорку технологиялуу медициналык жардамдын түрү. Бул ыкма балдардын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө, билим алуусуна жана коомго толук кандуу аралашуусуна өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдан 2026-жылга чейин Кыргызстанда угуусу начар балдарга жалпы 286 кохлеардык имплант орнотулган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Мамлекеттик чек ара кызматында кадрдык өзгөрүү орун алды

Бишкекте 10 айда 23 миңден ашык дарак отургузулду

Анталияда климатка арналган эл аралык конференция өтүүдө

Ош шаарынын делегациясы Гомелде кызматташтык маселелерин талкуулады

Бишкекте башкы жаңы жылдык балаты орнотулууда