Ош шаарынын делегациясы Гомелде кызматташтык маселелерин талкуулады
Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова баштаган делегация Беларусь Республикасы менен Кыргызстандын аймактарынын I форумунун алкагында Гомель шаарына барды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, делегация 2026-жылдын 9–10-ноябрь күндөрү Минск шаарында өтүп жаткан форумга катышууда. Иш сапардын биринчи күнүндө Гомель шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Константин Исаченко менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.
Ошондой эле делегация мүчөлөрү Гомель шаарындагы саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, "Спартак" кондитердик фабрикасына барышты. Анда ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.
Жолугушууда Масуда Айдарбекова Гомель шаарынын өнөр жай жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, эки шаардын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарттар бар экенин айтты. Ал түз ишкердик байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.


