Бишкекте 10 айда 23 миңден ашык дарак отургузулду
9-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында шаардык муниципалитеттин жыйындар залында пландык кеңешме өттү.
Анда "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын 10 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана күзгү жашылдандыруу иштеринин жүрүшү каралды.
Мэриянын маалыматына караганда, 10 айда борбор калаада 23 232 даана бак-дарактын көчөтү жана 2 138 252 даана бир жылдык гүл отургузулган. Ошондой эле 110 миң бак-даракты дарылоо иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, куураган жана авариялык абалдагы бак-дарактарды алуу, дүмүрлөрдү казып чыгаруу, көчөлөрдү жана проспекттерди жашылдандыруу иштери аткарылган.

Ошондой эле Бишкектин климаттык шарттарына ылайыктуу бак-дарактардын жана гүлдөрдүн түрлөрүн тандоо тапшырылды.
Белгиленгендей, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп, бир көчөгө негизинен бир түрдөгү бак-дарактарды отургузуу аркылуу бирдиктүү архитектуралык жана эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу сунушталды.
Мындан тышкары, мэр шаарды жашылдандырууга бизнес өкүлдөрүн тартуу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
Мэр бак-дарактарды отургузууда аларды мындан ары багууга жана өз убагында сугарууга зарыл шарттардын болушун милдеттүү түрдө эске алууну тапшырды.
"Быйыл биринчи жолу шаардык бюджеттен көчөттөрдү сатып алууга 500 миллион сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Буга чейин борбор калааны жашылдандырууга мынчалык көлөмдө каражат жумшалган эмес. Бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдаланып, отургузулган ар бир бак-дарактын сакталышын камсыз кылуу зарыл", — деди Жунушалиев.