Бишкектеги 16 кабаттуу турак жайдын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги 16 кабаттуу турак жайдын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкек шаарындагы Абдымомунов көчөсү, 299 дарегинде курулуп жаткан 16 кабаттуу турак жай объектинде курулуш ченемдеринин талаптары сакталбаганы белгилүү болгон. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, курулуш аянтчасы талаптагыдай иретке келтирилбегени, автордук көзөмөл журналы жүргүзүлбөгөнү, түндүк тарабындагы жылуулоо жана гидроизоляция иштеринин долбоордук документацияга ылайык келбегени аныкталган. Ошондой эле объекттин түштүк-чыгыш тарабындагы котловандын бекемделиши камсыздалбаганы белгиленген.

Департаменттин маалыматына ылайык, бул фактылар курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "НБК Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн үч күндүк мөөнөт берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, курулуш ченемдерин бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга