Финансы министрлигинде антикоррупциялык саясат боюнча кеңешме өттү

Финансы министрлигинде антикоррупциялык саясат боюнча кеңешме өттү

Бүгүн Финансы министрлигинде коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелерине арналган кеңешме болуп өттү. Иш-чарага министрликтин кызматкерлери жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кеңешмени ачкан Финансы министри Руслан Сүйналиев мыйзамдуулукту сактоо, ачык-айкындуулук жана ак ниеттүүлүк мамлекеттик органдын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери экенин белгиледи. Ошондой эле ал коррупциянын алдын алуу ар бир кызматкердин жоопкерчилигин жана активдүү катышуусун талап кыларын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу механизмдерин өркүндөтүү жана бул багыттагы мекемелер аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.

Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү башкы башкармалыгынын өкүлү Нурсултан Ташыбек уулу коррупциянын алдын алуу боюнча иштерди мындан ары да күчөтүүнүн жана жамаатта коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата чыдамсыз мамилени калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында кызматкерлерге коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга активдүү катышуу, ошондой эле документтерди жана чечимдерди кароодо коррупциялык тобокелдиктерди алдын ала аныктоо боюнча тыгыз кызматташуу сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,