Кара-Суудагы жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн сейсмикалык абалы текшерилди

Кара-Суудагы жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн сейсмикалык абалы текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун ВЛКСМ айылында салынып жаткан көп кабаттуу турак үйлөргө инженердик текшерүү жүргүзүлдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, текшерүү “Евразия Строй Групп” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдүн учурдагы техникалык абалын аныктоо максатында уюштурулду. Учурда объекттин бир блогунун курулушу аяктап калган болсо, экинчи блогунун курулушу жаңы башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, имараттардын конструкциялык элементтеринин ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү техникалык өлчөөлөрдү жүргүздү. 

Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, объектти мындан ары коопсуз пайдаланууга байланыштуу сунуштар иштелип чыгат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет

Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека