Россияда эмгектенген 18 кыргыз жаранынын эмгек акылары өндүрүлүп берилди

Россияда эмгектенген 18 кыргыз жаранынын эмгек акылары өндүрүлүп берилди

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү 18 кыргыз жаранына эмгек акы боюнча карыздарын алууга жардам берди. Бул тууралуу КРнын аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, эмгек министрлигинин РФгы Өкүлчүлүгү Россиянын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан КРнын жарандарынын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин улантып жатышат.

Ушуга ылайык, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын 18 жаранына Россиянын «Приоритет» ЖЧКсынан эмгек акы боюнча топтолгон карыздарын өндүрүп алууга көмөк көрсөткөн.

Министрликтин маалыматына караганда, өндүрүлүп берилген каражаттардын жалпы суммасы 1 648 300 рублди түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 320 млн сомдук "Талас Органик" агрокомплекси ачылды

Таласта 320 млн сомдук "Талас Органик" агрокомплекси ачылды

Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында "Талас Органик" агрокомплекси ишке кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Альянс Алтын" фондунун 320 млн сомдук жеке инвестициясынын эсебинен каржыланган. Бул Талас облусундагы эл аралык органикалык сертификаты бар алгачкы толук циклдеги агрокомплекс. Комплекс 300 гектар аянтты

Ишкер Media
Мамлекеттик кызматтар: маалымат берүүдө бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда

Мамлекеттик кызматтар: маалымат берүүдө бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда мамлекеттик, муниципалдык жана жарандык-укуктук кызматтар тууралуу маалымат берүү тартибин бирдиктүү талаптарга келтирүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордун максаты — жарандар кызмат алууга кайрыла электе анын шарттары, талап кылынган документтери, мөөнөтү, баасы, жеңилдиктери, баш тартуу негиздери жана даттануу тартиби тууралуу толук, ишенимдүү

Ишкер Media
Кыргызстан жана Оман транспорттук кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан жана Оман транспорттук кызматташтыкты талкуулады

6-октябрда Транспорт министрлигинде министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев менен Омандын Транспорт, коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар министрлигинин департамент директору Набиль бин Хайдер Аль-Балуши жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда транспорт тармагындагы учурдагы кызматташтык жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Министрдин орун басары белгилегендей, азыр эки өлкө негизинен аба

Ишкер Media
Фермерлер iDyikan тиркемесине ээ болушту

Фермерлер iDyikan тиркемесине ээ болушту

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги эми айыл чарба кызматын алгысы келген фермерлерди iDyikan тиркемеси аркылуу онлайн-арыз менен кабыл ала башташат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, санарип платформа тармактык сервисти, мамлекеттик колдоо программаларын, жеңилдетилген насыяларды бириктирет. Колдонуучулар кагаз документтерди чогултпай,

Ишкер Media