Мамлекеттик кызматтар: маалымат берүүдө бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда
Кыргызстанда мамлекеттик, муниципалдык жана жарандык-укуктук кызматтар тууралуу маалымат берүү тартибин бирдиктүү талаптарга келтирүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документте белгиленгендей, учурда бир эле кызмат тууралуу маалымат мамлекеттик органдардын сайттарында, мамлекеттик маалыматтык системаларда жана башка каналдарда ар кандай көлөмдө жайгашып, ар башка убакта жаңыланышы жарандар үчүн керектүү маалыматты табууну кыйындатып жатат.
Ал эми долбоор кабыл алынса - ар бир кызмат боюнча бирдиктүү маалыматтык карточка түзүлөт. Анда кызмат тууралуу негизги маалыматтар камтылып, кызматтын администратору негизги маалымат булагын жана жооптуу адамды аныктайт.
Мындан тышкары, “Түндүк” системасы аркылуу же башка мамлекеттик санариптик ресурстардан жеткиликтүү болгон документтерди жарандардан кайра талап кылууга болбойт. Мындай маалыматтарды кызмат көрсөтүүчү өзү алууга тийиш. Акы төлөнүүчү кызматтар боюнча маалыматта төлөмдүн өлчөмү же аны аныктоо тартиби, жеңилдиктер, комиссиялар жана жеткиликтүү төлөө ыкмалары көрсөтүлөт. Техникалык мүмкүнчүлүк болсо, төлөм шилтемеси же QR-код да жайгаштырылышы мүмкүн.
Ошондой эле маалыматтарды башка мамлекеттик санариптик ресурстарга техникалык мүмкүнчүлүккө жараша автоматтык жана түзүмдөлгөн форматта берүү каралууда.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору маалыматтын толуктугун, ишенимдүүлүгүн жана актуалдуулугун кеминде жарым жылда бир жолу текшерип турууга тийиш.