Таласта 320 млн сомдук "Талас Органик" агрокомплекси ачылды
Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында "Талас Органик" агрокомплекси ишке кирди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, долбоор "Альянс Алтын" фондунун 320 млн сомдук жеке инвестициясынын эсебинен каржыланган. Бул Талас облусундагы эл аралык органикалык сертификаты бар алгачкы толук циклдеги агрокомплекс.
Комплекс 300 гектар аянтты ээлейт. Тамчылатып жана жаадырып сугаруу системалары, суу бассейни жана 1500 тонналык климаттык кампа бар.
Өндүрүштүн толук цикли өстүрүү, жыйноо, калибрлөө, муздатуу, сактоо жана таңгактоону камтыйт.
Биринчи сезондо 35 гектарга органикалык картошка айдалып, продукция Казакстанга экспорттоло баштады. Келечекте аянт 500 гектарга чейин кеңейтилип, жаңы өсүмдүктөрдү киргизүү жана фермерлерди окутуу пландалууда.
Долбоор органикалык айыл чарбага инвестиция тартууга жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө багытталган.