Бишкектин айрым көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкектин айрым көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет

4-июндан 6-июнга чейин Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жолдун айрым тилкелеринде убактылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган: 

- Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» эл аралык аэропортунун жолу); 

- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин; 

- Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;

- Байтик Баатыр көчөсү. 

“Борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана жол кыймылына мүмкүн болгон чектөөлөрдү эске алуу менен маршруттарыңыздарды алдын ала пландаштырууну суранабыз” , - дейт министрликтен.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү